Бишкекте кафелердин биринде бычак менен кол салгандар кармалды

КР УКМК алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан киши өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча А.у.Б., М.Н.М., Ч.у.Э. жана С.А.С. аттуу УКТнын мүчөлөрүн кармады.

2025-жылдын 31-мартында Чүй обласунун Новопавловка айылында жайгашкан «Халва» чайканасынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун төмөнкү мүчөлөрү: А.у.Б., М.Н.М., Ч.у.Э. жана С.А.С. тарабынан Н.у.Б. аттуу жаранга катуу кол салуу болуп, ал көп жолу бычактан жараат алып, оор абалда аймактык ооруканага жаткырылган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бычактоого тиешеси бар адамдар ысык издер менен кармалган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган бир нече жолу соттолгондор болгон.

Азыркы учурда КР ЖПКнын 96-беренеси боюнча кармалгандар КР ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана жамааттарга каршы аракеттенүү, ошондой эле жаштардын спорттук бөлүгүн криминалдык элементтерден тартуу боюнча иштерди улантууда.

КР УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык учурлары боюнча байланышууга жана билдирүүгө чакырат.




