Коом

УКМК коомдук жайларда “никабтарды” кийгүүгө тыюу салынып, 20 миң сом айыппул каралганын эскертет

Кыргыз Республикасынын  2025-жылдын 21-январындагы № 18 «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер  жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар өттү.

 Бул тууралуу  УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 2-апрелинде КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын имаратында облустун прокуратурасы, ички иштер башкармалыгы, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана казыяттын өкүлдөрүнүн катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешменин жыйынтыктары боюнча мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу жана анын талаптарын бузууга жол бербөө үчүн биргелешкен иш- чаралар планы түзүлгөн.

Көрсөтүлгөн мыйзамдын талаптарына ылайык,  коомдук жайларда “никабтарды” кийүүгө тыюу салынып, 20 миң сом айып пул каралган. Бирок, айрым жарандар аталган мыйзам талаптарына баш ийбей жүрүшөт.

Мыйзам бузуунун алдын алуу үчүн укук коргоо органдары жана  массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун  аймагында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.     Иш- чаранын алкагында жарандарга эскертүү берилип, коомдук жайларда “никаб” кийбөөгө чакырылды. Өз учурунда жарандар мыйзамдын талаптарын түшүнүү менен кабыл алышты.

КР УКМК эскертет: Көрсөтүлгөн мыйзамдын талаптарын бузуу КР мыйзамдарына ылайык административдик жаза менен жазаланат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button