УКМК: Кара-Суу шаарынын борбордук базарынын жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды

Мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Кара-Суу шаарынын базарынын аймагында жайгашкан жалпы аянты 5600 чарчы метрди түзгөн жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.

Тергөөнүн жүрүшүндө – жер тилкелерин каттоодо Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы аныкталган. Белгилей кетсек, аталган базардын аймагы «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясына кирет, бирок ал иш жүзүндө коммерциялык максатта колдонулган, бул боюнча «Кыргызгипрозем» мамлекеттик ишканасынын расмий маалыматтары тастыктайт.

Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында аталган рыноктун аймагынын мурдагы ээлерине ижара акысы түрүндө ай сайын 250 миңден 300 миң сомго чейин акча каражаттары келип түшкөнү, ал эми бир соода түйүнүнүн орточо наркы 60 миң акш долларын түзөрү аныкталган.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.



