Спорт
Тазабек Икрамов ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатынан күмүш байге алды

Мелдеш ушул тапта Грециянын борбору Афинада өтүүдө. Анда ардагер балбандар грек-рим жана эркин күрөш боюнча күч сынашууда.
Икрамов грек-рим күрөшү боюнча катышып, финалга чейин ирандык, польшалык жана казакстандык балбандарды утуп келип, алтын үчүн күрөштө швециялык спортчуга жеңилип калган.
“Кудайдын буйругу экен, алтын медаль багынта албай калдым. Буга да шүгүр кылып, колдооңуздарга терең ыраазычылык билдирем. Буюрса, ийгиликтер алдыда!” — деди Икрамов.
Белгилей кетсек, Икрамов 2019-жылы аталган чемпионаттан коло алган.
@abal-kg



