Коом

Юстиция Министрлиги кодекстерге өзгөртүүлөрдү жылына бир жолудан көп эмес киргизүүнү сунуштайт

Кыргыз Республикасынын кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мезгилдүүлүк маселелери боюнча Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан даярдалган.

Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасындагы укуктук тутумдун туруктуулугун жана алдын ала болжолдоону камсыз кылуу максатында даярдалды. Азыркы учурда кодекстерге такай жана ар кандай макулдашылбаган өзгөртүүлөр киргизилип, мыйзамдарды колдонууда түшүнбөстүктөрдү жаратып, жарандарга, ишкерлерге жана мамлекеттик органдарга кыйынчылыктарды туудурууда.

Ушул маселелерди чечүү үчүн кодекстерге өзгөртүүлөрдү жылына бир гана жолу киргизүү менен мыйзамдарга тутумдуу жана так мамиле кылууга шарт түзүп, чачыранды жана шашылыш өзгөртүүлөрдөн алыс болууга жардам берет, ошондой эле жаңы жоболорду алдын ала талдоо менен даярданууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошол эле учурда, Мыйзам долбоору менен өзгөчө жана ыкчам жагдайлар болгондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилет. Бул зарыл учурларда ыкчам чара көрүүнун укуктук жөнгө салуунун ийкемдүүлүгүнө шарт түзөт.

Жыйынтыктап айтканда, бул өзгөртүүлөр укуктук туруктуулукту бекемдөөгө, жарандардын мыйзамдарга болгон ишенимин арттырууга, ишкерлик чөйрөгө ыңгайлуу шарт түзүүгө жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшүүгө багытталган.

Мыйзам долбоору менен кененирээк бул жерден таанышсаңыз болот — https://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/4817

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button