Коом

Бүгүн борбор калаанын бир бөлүгүндө суу болбойт

Бүгүн борбор калаанын бир бөлүгүндө суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-апрелде саат 09:00дөн 16:00гө чейин Абакан көчөсү — Дэн Сяопин проспектиси — Кустанай көчөсү — темир жол линиясы, ошондой эле Кустанай көчөсү — Волков көчөсү — Садыгалиев көчөсү, — Дэн Сяопин проспектиси менен чектешкен аймакта ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Суу «Киркомстром» суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button