ИИМ: Бишкек шаарынын Төмөнкү Орок айыл аймагына жеке көрүстөн уюштурууга аракет кылган жаран кармалды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабындагы Төмөнкү Орок айылынын тоо бетинде жайгашкан айыл чарба багытындагы жер тилкени, ошол Орок айылынын тургуну өзүм билемдик менен эч кандай уруксат кагаздары жок, жеке көрүстөн уюштуруп, маркумдуу көмүүгө жай бөлүп берем деп сатып жаткандыгы маалым болгон.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Ленин районунун прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө, маркумду көмүүгө жай бөлүп берем деп, 40 000 сом алып жаткан жеринен Төмөнкү Орок айылынын тургуну 1957-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кармалган.

Кылмышка шектүү болгон 1957-жылы туулган М.Б. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда Ленин РИИБдин Тергөө кызматында кылмыш иши боюнча тиешелүү болгон баардык жагдайларды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



