Коом

Баткенде карызын доолаган адамга шылтоо кылып, кол салган жаран кармалды

Баткендин 25 жаштагы тургуну 865 миң сом карызын бере албай калып, алдамчылыкка барганын Баткен облустук милициясы билдирди. Ал кара пакетке доллар салгандай элес калсын деп бир куту вафли салып, акча алмаштырган жайга барган. Доллардын курсун сурап, “акчасын” алмаштырбай, колундагы пакети менен унаа өткөн жолдон жүз метрдей басканы айтылды. Андан соң өзүнө бычак менен жарадар кылып, милицияга чалып, кара пакеттеги 25 миң долларын бейтааныш адамдар карактап кетти деп билдирген. 

Териштирүү маалында жигиттин калпы чыгып, пакетте акча эмес, вафли болгону, карызын төлөй албай ушундай жолго барганы аныкталган. Эми жигиттин жоругуна юридикалык баа берилет. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button