Коом

Айдоочулардын жол эрежесин билүү деңгээли сурамжыланып, текшерилүүдө

Бүгүнкү күндө өлкө башчабыздын тапшырмасына ылайык, айдоочулардын жол кыймылынын эрежесин канчалык деңгээлде билүү деңгээлин сурамжылоо, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу “Кабар” маалымат агенттигине билдирген.

Анын айтымында, 1-сентябрга чейин айдоочуларга окутуу, түшүндүрүү иштерин гана жүргүзүү максаты коюлган.

“Ал эми 1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузган айдоочулардан токтотулган жерден жол эрежелерин суроо жүргүзүлөт. Мында жол эрежесин билбеген айдоочулар “Унаа” мамлекеттик мекемесине кайрадан сынак тапшыруу үчүн жөнөтүлөт. Бүгүнкү күндө сурамжылоо иштери гана жүргүзүлүп жатат”,- деди Байказы Айтикул уулу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button