Темирлан Сманбеков: Келечек муунга коррупцияга малынбаган, таза Кыргызстанды өткөрүп берели

Кыргызстандагы сахна жана кино актеру, КР эмгек сиңирген артисти, көптөгөн эл аралык жана Республикалык сыйлыктардын лауреаты Темирлан Сманбеков азыркы учурда болуп жаткан коррупция менен күрөш тууралуу пикирин билдирди.
“Кыргызстанда коррупция менен буга чейин болуп көрбөгөндөй күрөш күч алды. Албетте, карапайым адамдар, биз сыяктуу чыгармачыл инсандар азыркы жүргүзүлүп жаткан күрөштү колдоп жатабыз. Анткени, биздин мамлекетибиздин өсүп өнүгүшү жегичтердин, алкымы бузуктардын катары суюлганда гана ишке ашат.
Коррупцияга шектелген бир топ белделдүу адамдар кармалды, сурак беришти, казынага миллиарддаган сомдор түшүп жатат.
Ал эми жакында кармалган Ширшов тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Мындай чоң коррупцияга аралашкандарды кармоо боюнча мурунку бийликте саясий эрк жок болгондуктан катуу резонанс жараткан күрөштөр тууралуу деле уккан эмеспиз.
Кыргызстан деген өлкөнү келечек муунга таза, коррупцияга малынбаган, өнүккөн мамлекет катары өткөрүп беришибиз керек.
Азыркы бийлик эң биринчи кезекте элдин камы үчүн болгон аракетин жасап жатат. Алдыда дагы чон күрөш күтүп турат. Элдин ырыскысына кол салып, байлыгын тоногондордон арылмайынча өлкөбуздө өнүгүү болбойт.
Ошондуктан, Президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин жүргүзүп жаткан коррупция менен күрөшүн, ар бирибиз колдоп турушубуз абзел”, — деди Темирлан Сманбеков.



