Коом

Баткен шаарына заманбап спорт комплекси курулат

Баткен шаарына заманбап спорт комплекси курулат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Анын айтымында, спорт комплексин куруу үчүн Баткен шаардык мэриясы тарабынан 2 гектар жер бөлүнүп берилди. Учурда комплексти долбоорлоо иштери жүрүп жатат.

Чолпон Бердиккулова белгилегендей, буга чейин шаар жаштары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевге спорт комплекс курууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган.

Буга Баткен шаарында чоң мелдештерди өткөрүү жана жаштардын машыгуусу үчүн шарт жок болгондугу себеп болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button