Коом

УКМК: Караколдо жалпы аянты 2,52 Га болгон «Каракол дүң жана чекене соода базасы»  мамлекетке өткөрүлүп берилди  —  ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз өткөн жер тилкелерин мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жалпы аянты 2,52 га болгон «Каракол дүң жана чекене соода базасы» Каракол шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.

Белгилүү болгондой, 2000-жылы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын чечими менен Гебзе көчөсү 200 дарегинен (1 га) жер тилкеси Каракол соода базасына бекитилип берилген, мындан тышкары 2001-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын кийинки токтому менен жер тилкесинин аянты «мурдагы чечимдеги техникалык ката» деген жазуу менен 2,52 гектарга чейин көбөйтүлгөн.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган «Каракол дүң жана чекене соода базасы» (мурдагы райондор аралык база) ыктыярдуу негизде Каракол шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button