Коом
Өлкөдөгү бардык аскер бөлүмдөрүн текшерип, атайын комиссия түзүү сунушталууда

Депутат Эмил Токтошев мындай демилгени ӨКМге караштуу аскер бөлүмүндө болгон жоокерлерди мазактоо фактысынан соң көтөрдү.
“Мартта болгон окуя эми маалым болду. Бардык эле аскер бөлүмдөрүн, анын ичинде ИИМ, Коргоо министрлигин текшерип чыгыш керек. Комиссия түзөлү. Бул системалашып, калыптанып калган жагдай. Элин, жерин коргоого келген балдарды мазактоого жол берилбейт. Жетекчилер керт башы менен жооп бериши керек”, — деди эл өкүлү.



