Коом
Күйөөсү уурдап кетип, бети кескиленген келин ооруканага жатуудан баш тартты

Жабырлануучу Чүй облустук ооруканага 13-май түнү кайрылганын мекемеден билдиришти. Дарыгерлер текшергенде келиндин бетинде 6х1,5 сантиметрлик жана оң таманында учтуу нерседен алган жаракаты болгонун айтышты.
“Бейтапка биринчи хирургиялык жардам көрсөтүлүп, рентгенге тартылган. Бирок ал ооруканада калуудан өз арызы менен баш тарткан”, — деп билдирди Чүй облустук оорукананын директору Догдурбек Жекшебаев.



