Коом

УКМК: Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси жасалма диплому үчүн кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жасалма дипломдорду пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан системалык иштердин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси М.К.А. тарабынан жасалма диплом колдонулуп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, М.К.А. 2005-жылдан бери аталган системада иштеп, жумушка орношууда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин генерал-майор А.Алиев атындагы Академиясын бүтүргөндүгү тууралуу дипломун берген,  бирок ал 5-курста (2003-жылы) окуу акысын төлөбөгөндүгү үчүн окуудан чыгарылган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында М.К.А. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button