Окуялар

Египеттин аэропортунда жарнак кулап, казакстандык аял каза тапты

Казакстандык журналист Анвар Шалекенов Шарм-эль-Шейх аэропортунда жарнак такта кулап каза болгон аял тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Анын айтымында, Акмарал Муканова көп жылдар бою Актөбө облусунун ички иштер органдарында иштеген. Ал пенсияга чыгып, университетти жакында эле аяктаган уулу менен Астанада бир нече жылдан бери жашап жаткан. Аял кырсык учурунда баласы менен болгон. 

Шарм-эль-Шейх аэропортунда жарнак тактасы кулап, казакстандык аял көз жумган. Жалпысынан төрт адам жаракат алган. Эки жаран ооруканага жаткырылып, дагы экөөнө медициналык жардам көрсөтүлгөн. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, кырсык 17-майда болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button