Коом

«Асман Эйрлайнс» ачык тандоо күнүнө чакырат

Асман Эйрлайнс авиакомпаниянын командасынын бир бөлүгү болууну каалагандар үчүн биринчи Open Day — ачык тандоо күнүн өткөрөт.

Авиакомпаниянын өнүгүшүнө жана аба флотунун кеңейишине байланыштуу Асман Эйрлайнс борт коштоочуларды жана жер үстүндөгү кызматкерлерин кызмат орундарына кабыл алууну баштайт.

Open Day 2026-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарында саат 09:00дөн 18:00гө чейин өтөт. Бул күнү талапкерлер тандоонун негизги этаптарынан өтө алышат:

  • каттоо;
  • тестирлөө;
  • практикалык тапшырма;
  • комиссия менен маектешүү.

Бардык негизги этаптар бир күндүн ичинде өтөт. Катышуу үчүн алдын ала каттоодон өтүү зарыл. Бул үчүн career.asman.app сайтына өтүп же Асман Эйрлайнс инстаграм баракчасындагы шилтемени колдонуп, өзүңүз тууралуу маалыматты толтуруп, арыз калтырсаңыз болот. Арыз каралгандан кийин талапкер менен авиакомпаниянын кызматкерлери байланышат. Асман Эйрлайнс жарандык авиация тармагында өнүгүүнү жана улуттук авиакомпаниянын командасынын бир бөлүгү болууну каалагандардын бардыгын чакырат. Катышуунун шарттары жана бош орундар тууралуу толук маалыматты авиакомпаниянын Instagram социалдык тармагындагы расмий баракчасынан: @asmanair.kg алууга болот.

ЖМК өкүлдөрү үчүн байланыш маалыматтары: #AsmanAirlines: www.asmanairlines.kg |

[email protected] | +996 (312) 25 16 00 |@asmanair.kg

Тектеш кабарлар

Back to top button