Коом
Бишкекте бир тууган 2 бала изделүүдө

13 жаштагы Абдулазиз менен 9 жаштагы Мурзакул Сыдыковдор 19-майда Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Абдулазиз кара шым менен футболка, кара жеңил бут кийимчен, Мурзакул жашыл көйнөк, кара шорты, боз түстөгү кроссовки кийген.
Балдарды көргөн-билгендер болсо милицияга (0312) 35-29-47, 35-12-70, 0702 80 80 23 же 0509201820 номерлери аркылуу кабарлап коюңуздар.



