Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери ден соолукка оор залал келтирген шектүүлөрдү кармашты

2024-жылы 6-январь күнү саат 7:00 чамасында Бишкек шаарынын ИИББнын “102” кызматына Манас проспектисиндеги батирлердин биринде мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Окуя болгон жерге райондук башкармалыктын тергөө-ыкчам тобу дароо барып, 2001-жылы туулган К.Б. аттуу жаран жаракат алгандыгы аныкталган. Андан кийин: “айкалышкан травма, көкүрөк клеткасынын оң жана сол белине бычак жаракаты” диагнозу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук хирургиялык борбору ооруканага жаткырылган.
Бул факт боюнча Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Биринчи май РИИББдин ыкчам кызматкерлери менен Чүй облусунун ИИББ боюнча ЖКККБнын инспекторлору менен биргеликте Чүй облусунун аймагында 1993-жылы туулган Ж.У. жана 1992-жылы туулган А. Д. аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кароочу жайына киргизилишти.
Ошону менен бирге, шектүүлөрдүн башка кылмыш фактыларын жасоого алардын катышуусу мүмкүндүгү аныкталууда.
Тергөө иштери жүрүп жатат.



