Коом

Кулак, мурдун күйөөсү кескен Асел Ногойбаеваны калыбына келтирүүгө россиялык дарыгерлер тартылды

Ногойбаева трагедиядан кийин алгачкылардан болуп канайым Айгүл Жапарова колдоо көрсөткөнүн белгиледи. Аселди алдыда бир нече оор операция күтүп жатканы айтылды. 

«Жүзүм акырындап калыбына келип жатат. Канайым Россиядагы дарыгерлер менен байланышып, мени табыштаган. Өз карамагына алган кыргызстандык дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирем», — деп жазды ал.

Асель мындан тышкары элге ыраазычылыгын билдирип, алардын боорукерлиги жана колдоосу ага күч бергенин кошумчалады. 

«Бул оор сыноодо көптөгөн жакшы адамдарга жолуктум», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button