Коом

Камчыбек Ташиев транспорт министрине жол оңдоого бир ай убакыт берди

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев транспорт министри Абсатар Сыргабаевге туристтик сезонго Ысык-Көл облусундагы жолдорду толугу менен оңдоп бүтүрүүгө бир ай убакыт берди.

УКМК төрагасы аткаминер буга чейин берилген тапшырманы аткара албай жатканын белгилеген.

«Акыркы жолу эскертүү берем, 1-июлга чейин бардык тапшырмалар аткарылышы керек. Туристтер келген маалда мындай «бардак» болбосун. Эгерде бүтпөсө президентке сиз боюнча өзүмдүн сунушумду берем», — деди атайын кызматтын башчысы.

Тектеш кабарлар

Back to top button