Спорт

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы БАЭ менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 10-июнда Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасы менен беттешет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз курама командасы 5-июнда Эр-Риядда Түндүк Корея менен конокто беттешсе, 10-июнда Бишкекте БАЭ курамасын кабыл алат.

Кошумчалай кетсек, шаар кыдыруу алкагында борбор калаанын ар кайсы жерлеринде футбол күйөрмандары үчүн Дүйнө чемпиондугунун кубогунун инсталляциясы коюлду. Шаар тургундары аны Asia Mall соода борборунда же 5-июнда Ала-Тоо аянтында өтө турган чоң футбол фестивалында көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Кубокту Футбол күйөрмандары союзу даярдады. Бул футбол менен байланышкан ар бир адис, оюнчу жана күйөрман үчүн сыймыктануунун жана үмүттүн символу. Команда дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгүнө чыга электигине карабастан, команданын акыркы ийгиликтери аны бул максатка жакындатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button