Коом

Жамгыр жаайт. 10-июнга карата аба ырайы

10-июнь, шейшембиде, күндүз көпчүлүк аймактарда күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаай турганы айтылды.

Кыргызгидромет тараткан маалымат боюнча, абанын температурасы Чүйдө +28…+33, Талас аймагында +25…+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл жергесинде +21…+26, Нарын өрөөнүндө +20…+25 градус жылуу болот.

Борбор калаа Бишкекте күндүз күн күркүрөп, жамгыр жаап, күндүн табы +30…+32, Ош шаарында +31…+33 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.

Тектеш кабарлар

Back to top button