Коом

Кыргыз билим берүү академиясы: 1–2–3-класстын окуучулары үчүн баа койбостон баалоо системасы киргизилет

Ушул тапта Ысык-Көлдө өтүп жаткан «Жаңылыктын жарчысы» аттуу педагогикалык семинар-форумдун алкагында Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева 1–2–3-класстардын окуучуларынын окуу жетишкендиктерин баалоо системасында күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө билдирди.

Анын айтымында, 12 жылдык билим берүү программасына ылайык, жогоруда аталган класстын окуучулары үчүн баа койбостон баалоо ыкмасы колдонулат. Башкача айтканда, окуучулардын жетишкендиктери салттуу баллдык шкала менен эмес, маңыздуу кайтарым байланыш аркылуу бааланат. Мындай мамиле ар бир баланын өнүгүүсүнө багытталган. Белгилей кетсек, 11 жылдык программа боюнча окуган үчүнчү класстарда баа коюу менен баалоо колдонулат.

«Баасыз баалоо — бул баа коюуга эмес, баланын жетишкендиктерин түшүнүүгө жана талдоого багытталган система. Ал мугалимге ар бир окуучунун күчтүү жактарын аныктап, кеңири кайтарым байланыш берүүгө шарт түзөт», — деди Н.Дүйшеева.

Анын белгилешинче, бул ыкма балдардын өз алдынча көзөмөл жүргүзүү жана жоопкерчилик сезимин өнүктүрүүгө жардам берет. Ошондой эле ар бир окуучунун жеке өзгөчөлүктөрүн, өнүгүү ылдамдыгын жана жөндөмүн эске алуу менен иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындай ыкманын негизги максаты — окуучунун окууга болгон позитивдүү мамилесин жана өзүнө ишеничин калыптандыруу. Мында жыйынтык гана эмес, окуучунун белгилүү бир мезгил ичиндеги — бир сабак, чейрек же жарым жыл ичиндеги прогресси да эске алынат. Мугалим окуучунун прогрессин ар түрдүү формада (графиктер, диаграммалар, таблицалар) визуалдык түрдө көрсөтө алат жана символдук белгилерди колдоно болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button