Коом

Чүйдө 2,8 гектар өндүрүштүк жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

КР УКМК ыкчам-тергөө иш-чарасынын жүрүшүндө, Токмок шаарынын чыгыш өнөр жай аймагында жайгашкан 2,8 гектар жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныкталган.

Такталгандай, 1989-жылы эл депутаттарынын Токмок шаардык Советинин аткаруу комитетинин №100 чечими менен кара метал сыныктарын кабыл алуу боюнча «Вторчермет» ишканасына өндүрүштүк базаны куруу үчүн жер бөлүнүп берилгендиги аныкталган. 2000-жылдардын башында ишкананын мураскери «Чуйоблснабторг» ААК банкрот болгондон кийин, мүлк, анын ичинде жогоруда аталган аймак жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен.

«Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, мамлекеттик же муниципалдык ишканаларга мөөнөтсүз акысыз пайдаланууга берилген жер участоктору алар жоюлгандан кийин мамлекеттин менчигине өтүүгө тийиш.

Учурдагы менчик ээси Ж.Т.Д. аттуу жаран, 2,8 га жер участогуна мыйзамсыз ээлик кылуу фактысын мойнуна алып, өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп берди.

Тектеш кабарлар

Back to top button