Көк бөрү ойногон Бекболоттун сырдуу өлүмү (видео)

Матиева Идаят Баткен облусунун Сай айылынын тургуну, ал жалгыз бой эне.
«Көрөөр көзүм жалгыз уулумдан ажырап , сыздап калдым, акыйкаттык издеп келдим» деп редакциябызга кайрылды.
Уулу Абдибаит уулу Бекболот 1994-жылы туулган, көк бөрү ойноп бул жагы Ысык-Көл тиягы Таласка чейин барып жүргөн, спорт менен машыккан тартиптүү бала эле. Уулум киши өлтүрмөк тургай, короого кирип кеткен тоокту таш менен ура алчу эмес. Өзүбүз жактык бир кыз менен сүйлөшүп жүрчү экен, мага айткан эмес. 2022-жылдын жай мезгилинде чөп оруп жүргөн жеринен Ошко барып келем деп шашылыш чыгып кеткен.
Көрсө сүйлөшкөн кызы чакырып кеткен экен. Балам келет деп күтүп отурсам балам сүйлөшкөн кыздын ата-апасы, башка бир туугандары менен келип 28-июнь күнү “балаң менин кызымды союп салыптыр” деп үйгө бастырып кирип мени ур-токмокко алып, белимди сындырып төртөөлөп сабап кетишти.
Көрсө алар ошондо Ошто окуган кызынын киши колдуу болуп өлгөнүн угуп, менин баламды өлтүрдү деп келишиптир. Мен ооруканага эс-учумду жоготкон абалда барыптырмын. Белим сынып баса албай, баш сөөгүм чайкалып, колу-бутум көк ала болуп жатып калдым. Арадан 3 күн өткөндөн кийин 1-июль күнү баламдын сөөгү Оштогу Ак-Буура дайрасынан табылыптыр.
Уулумдун сөгүн алып келишкенде мен баспай жаткам. Жада калса жалгызымды акыркы сапарга узата албай кала бердим. Мени көтөрүп барып көрсөтүштү. Балам киши колдуу болгон. Кыз да сабалып өлтүрүлгөн. Экөөнү тең Ак-Буурага агызып жиберишкен. Кыздын өлүмүн өлүп калган балама жүктөштү да баламдын өлүмү каралган жок.
Ким күнөөлүү экенин алигиче билбей ичимен кан өтүп жашап келатам. Кыздын ата-энеси өлүп калган баламды күнөөлөп, мени инвалид кылып коюп, бир жолу кечирим сураган жок. Ош ШИИБи туура эмес жыйынтык чыгарып, акыйкатсыздык кылды деп кайрылуу жасады.






