Коом
«Кыргызалтын» кирешесин 100 пайыз мамлекеттик бюджетке берет

«Кыргызалтын» ААКнын акционерлери 2025-жыл үчүн таза пайданын 100 пайызын мамлекеттик бюджетке дивиденд катары бөлүп берүү чечимин кабыл алышты.
Бул чечим акционерлердин жылдык жалпы жыйынында кабыл алынып, анда компаниянын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылды.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргызалтындын» кирешеси 20,7 миллиард сомду түзсө, таза пайдасы 18,7 миллиард сом болду. 2024-жылга салыштырмалуу пайда 9 пайызга өсүп, компания үчүн рекорддук көрсөткүчкө жетти.
Белгилей кетсек, «Кыргызалтын» ААКнын негизги акционери — Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (акциялардын 99 пайызы), дагы 1 пайызы Финансы министрлигине таандык.



