Коом
Талас шаарына Байышбек Астанакулов мэр болуп дайындалды

Бул кызматка чейин ал Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими болуп иштеп жаткан.
Астанкулов Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жал айылында туулган. Кесиби боюнча финансист, юрист. Ал 36 жашта.
Ош шаардык кеңешинде, Жалал-Абад шаардык сотунда иштеп, Айдаркен шаарынын мэри болгон.



