Коом

ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстанга түз инвестициянын көлөмүн үч эсе көбөйттү

ЕАЭБ өлкөлөрү акыркы жылдары Кыргызстанга түз инвестициянын көлөмүн үч эсе көбөйттү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти.

Биримдикке мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга акча каражатынын келип түшүүсү боюнча маалымат:

2021-жыл — 89 миллион доллар;

2022-жыл — 173,2 миллион доллар;

2023-жыл — 183,9 миллион доллар;

2024-жыл — 263,6 миллион доллар.

Инвестициянын көбү Россиядан келет. Мисалы, былтыр аталган өлкөдөн келген инвестициянын көлөмү дээрлик 162 миллион долларды түзгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button