Депутат Мирлан Самыйкожо кесиптешин уяткарды — Видео

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Мирлан Самыйкожо кесиптешин уяткарды.
«Чүй өрөөнү дыйкандарга, таза азыкка мал чарбачылыкка , дан чарбачылыкка өтө ыңгайлуу жер. Бирок Чүйдө бир монополист пайда болуптур. Ал биздин кесиптешибиз экен. Ысык-Ата районундагы Красная речка айылындагы томат заводу салынгандан бери ошол жактагы кичи жана орто чарбалыктар айыл чарба фондунан ижарага жер ала албай калышты. Депутаттык мандаты менен сотко чейин барып, сотту өзгөртүп, ушунчалык чоң кийлигишүүлөр менен жерди басып алып жатыптыр. Бул уят, урматтуу депутат мырза!
Бул нерсени сиз элге кылбаңыз», — деген депутат Жогорку соттун төрагасы ишти көзөмөлгө алуусун талап кылды.
Маалымат үчүн: Ысык-Ата районунун Красная Речка айылынын аймагында помидорду кайра иштетүү боюнча завод бар. Завод «Tomat kg» деп аталат жана Ленин көчөсү, 134 дарегинде жайгашкан. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Томат КейДжи» дыйканчылык үрөнчүлүк (фермердик) чарбасы 2 жеке адамга таандык. Ишкананын жетекчиси Саккараев Жапаркул Медербекович.



