Дүйнө

Али Хаменеинин уулу Можтаба Ирандын жаңы жогорку лидери болуп шайланды

Өлтүрүлгөн аятолла Али Хаменеинин уулу Можтаба Ирандын жаңы жогорку лидери болуп шайланды. Мындай чечимди жогорку шиит динаятчыларынын 88 өкүлүнөн турган Эксперттер кеңеши кабыл алганын Deutsche Welle (DW) өз булактарына таянып билдирди.

Азырынча Ирандын расмий бийлиги жана мамлекеттик маалымат каражаттары бул маалыматты тастыктай элек. DWнин булактарынын айтымында, Можтаба Хаменеинин шайланышы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун басымы алдында кабыл алынган.

Али Хаменеинин каза болушунан кийин Иранды убактылуу үч адамдан турган кеңеш башкарып жатат: президент Масуд Пезешкиан, сот бийлигинин башчысы Голям Хосейн Мохсени-Эджеи жана Конституцияны коргоо кеңешинин мүчөсү аятолла Алиреза Арафи.

Аятолла Али Хаменеи Иранды 1989-жылдан бери жетектеп келген. Ал 28-февралда башталган Израиль менен АКШнын Ислам Республикасына каршы аскердик операциясынын жүрүшүндө каза болгон. Кийин алган жаракаттарынан анын жубайы Мансуре Ходжасте да көз жумган.

Иранда өмүр бою дайындалуучу жогорку руханий лидерди Эксперттер кеңешинин мүчөлөрү шайлашат. Бул мамлекеттик орган ислам укугу боюнча адис деп саналган 88 адамдан турат жана ар сегиз жыл сайын жарандар тарабынан шайланат. Акыркы шайлоо 2024-жылы өткөн.

Эскерте кетсек, 28-февралда эртең менен Израиль менен АКШ Иран аймагына сокку ура баштаган. АКШ президенти Дональд Трамп Ислам Республикасынын өзөктүк программасын жок кылуу ниетин билдирген. Ал Иран армиясын курал таштоого, ал эми өлкө жарандарын “тагдырын өз колуна алууга” чакырган.

3-мартта иран мамлекеттик ЖМКлары кабарлагандай, соккулардын кесепетинен өлкөдө кеминде 787 адам каза болгон. Иран жооп иретинде Израилге жана Перс булуңундагы бир нече өлкөлөргө сокку урган, ал жакта да курмандыктар бар. Тегеран араб өлкөлөрү менен согушпай турганын, аймактагы АКШнын аскер базаларына гана сокку жасап жатканын билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button