COVID — 19 балдардын оорусуна айланат дейт окумуштуулар

Америкалык жана норвегиялык окумуштуулар БУУнун иликтөөлөрүнүн негизинде түзүшкөн математикалык модель, бийлик ээлерине COVID-19 илдетин бир нече жылга алдын-ала айтууга жардам берет. Моделдин тыянагы боюнча чоң кишилерди иммунитет коргоп алат, а балдар болсо көбүрөөк ооруй турган болушат. Бул тууралуу Popmech.ru журналы билдирди .
Моделдештирүүнүн тыянагы COVID-19 улгайган кишилерден кетип кенже муундагы балдардын жана жаштардын оорусуна айланаарын көрсөттү. Анткени, чоңдор эмдөөдөн өтүшүп, же ооруп айгышып илдетке каршы иммунитетке ээ болушат. Осло Университетинин илимий кызматкери Жуйюн Линин айтымына караганда «Бул илдетке жаштар өтө көп чалдыга тургандыгы прогноздолууда. Себеби улгайган адамдар вирустун жаңы варианттарынан буга чейин инфекцияларды жуктуруп алып кеселдеп айыкканы аркылуу корголушат».
Иликтөөчүлөр бир нече жылдын ичинде SARS-CoV-2 ар бир жердин шартына жараша эндемиялык илдет болуп калаарын баса көрсөтүшүүдө. «Иммунитетке жана социалдык активдүүлүктүн канчалык экендигине карабастан, элдин бул илдеттен каза табышы ар кайсы өлкөнүн демографиялык абалына жараша болот», — деп кошумчалады Ли. Улгайган адамдары басымдуулук кылган өлкөлөрдө өлүм көп болоорун көрсөттү модель. Маселен, Түштүк Африкада жаштар басымдуулук кылгандыктан, ошол эле Италияга салыштырганда өлүм аз болот. Бирок, жалпысынан алганда илдетти жуктургандардын саны жаштар менен балдардын арасында көп болот.
Илимпоздор бул моделди биринчи кезекте саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери пайдаланышсын деген максат менен иштеп чыгышканын билдиришти. Медиктер илдеттин ар кандай натыйжаларына байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат жана ошого жараша саясий чечим кабыл ала алышат, дешет, окумуштуулар.
Моделдештирүүнүн тыянагы Science журналына жаярыланган.



