Коом

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Бул тууралуу УКМКнын  маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК  тарабынан  уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, 2024-жылдын 26-мартында  Ош шаарынын аэропортунда маркум К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, “Таранчы” каймана аты менен белгилүү Н.Н.К. кармалды.

Аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен фирмаларынын жумушчуларына  салык салуу аракетин көргөндүгү  аныкталды. Учурда Н.Н.К.га карата опузалоо фактысы боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармалган жаран УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК аталган  Н.Н.К.нын кылмыштуу иш-аракеттеринен жапа чегиши мүмкүн болгон жарандарды УКМК нөөмөт кызматына кайрылуусун өтүнөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button