Коом
Ырчы Салтанат Шекенованын кыз узатуу тою өттү

Белгилүү ырчы Салтанат Шекенованын кыз узатуу тою кечээ, 11-сентябрда Бишкектеги ресторандардын биринде болуп өттү. Тойго ырчынын жакын санаалаштары, достору күбө болушту.
Ырчы айым Нурислам аттуу мырзага турмушка чыкканы айтылууда.
Салтанат Шекенова коомчулукка «Сырдуу жигит», «Курбуларга», «Бактылуумун» жана башка ырлары менен белгилүү болгон.



