Коом
Кызыл китепке кирген кирпилер мыйзамсыз кармалып жаткан

Кемин-Ордо эс алуу аймагында (Кемин району, Жылтыр аймагы) рейддин жүрүшүндө КР Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй облустук администрациясынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери сейрек кездешүүчү жаныбарларды мыйзамсыз багуу фактыларын аныкташты.
Жаратылыш ресурстар министрлигинин маалыматы боюнча, аталган жерден Кызыл китепке кирген эки кирпи жана 15 кекилик табылган. Кожоюндарында жапайы жаныбарларды кармоо үчүн керектүү документтери жок болгон.
Жаныбарлар куткаруу жана тийиштүү кам көрүү үчүн Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргызстандагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Иштин материалдары кошумча иликтөө үчүн Кемин РИИБге жөнөтүлдү.





