Коом

Сокулук акиминин орун басары коррупцияга шектелип кармалды

Сокулук районунун акиминин орун басары С.Р. ири жер тилкелерине байланышкан коррупция фактысы боюнча шектелип, 16-сентябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы 18-сентябрда маалымдады.

Милициянын маалыматына караганда, 2012-жылдан бери айыл чарба багытындагы 200 гектардан ашык жер мыйзамсыз түрдө турак жай курулушуна арналган жерлерге айландырылып, жарандарга сатылып келген. Бул иштер мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин айрым кызмат адамдарынын катышуусунда жүргүзүлгөн.

Ошондой эле айрым ири жер ээлери бир эле жер тилкесин бир нече жаранга сатып, алардын үй куруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашына себеп болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, буга чейин дагы 5 адам кармалган. Тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button