Коом

Кыргызстанда эт бир жылда 36% кымбаттады

Улуттук статистика комитети 18 калктуу конушта мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгында 1 кг уйдун этинин орточо баасын 464,76 сом деп эсептеди. Муну менен уйдун эти өткөн жылдын июль айынын ортосуна салыштырмалуу 108 сомго же дээрлик 30,3% өскөн.

Койдун этинин 1 кг 488,47 сом болду же 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41,1% кымбаттады.

Уйдун эти Жалал-Абад, Нарын жана Ош шаарларында кымбаттаганы байкалды. Койдун эти эң көп Кара-Суу, Жалал-Абад жана Ош шаарларында өстү. Кыргызстанда эт былтыр жай айларынан баштап кымбаттай баштаган.

2020-жылы Кыргызстанда малдын жана тооктун эти жалпы алганда (союла турган мал жана канаттуулар тирүү салмагында) 420 524,5 тонна өндүрүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button