Коом

Сулайман-Тоо мечити Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен реконструкция болду

Оштогу Сулайман-Тоо мечити УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен капиталдык оңдоодон өттү.

Кечээ, 28-майда ал мечиттин оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен таанышып, жаңылоого демөөрчүлүк кылган депутат Алишер Козуевге, курулуш иштерине салым кошкон жалпы жамаатка ыраазылык билдирди.

Реконструкция иштеринде мечиттин ичи-сыртынын ар бир бөлүгү жаңыланган. Буга чейин жыгачтан жасалган айнек-эшиктери пластикке алмашылып, дубал жасалгалары,эмеректери жогорку сапатка өзгөртүлдү. Мындан сырткары мечиттин астына брусчатка басылып, айрым бөлүгүнө асфальт төшөлгөн. Жашылдандыруу-көрктөндүрүү максатында бак-дарактар отургузулуп, жарыктандыруу дагы жолго коюлду. Ошондой эле канализация, жылуулук маселеси көйгөй жаратпай тургандай болуп чечилген.

Мечит курулган 12 жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өтпөй, капиталдык ремонтко муктаж болуп турган. Мындан улам мечиттин жамааты жана шаардын тургундары УКМКнын төрагасына кайрылышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button