Коом

1-октябрдан тарта айдоочулар курун такпаганы үчүн айып пул салына баштайт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында унаада курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү автоматтык түрдө аныктай баштайт. Бул ЖКККББынын басма сөз кызматкери билдирди.

Маалыматка караганда, бул аракеттер жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, айдочулардын маданиятын жогорулатуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында ишке ашууда.

«Өлкөдө 1-октябрдан тарта аппараттык-программалык комплекстер унаа ичинде коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү фото-видео байкоо аркылуу аныктап баштайт. Аталган эреже бузууларга АПКлар тарабынан катталган башка эреже бузуу фактыларындай эле айып пул салынат», — деп белгиленди маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button