Коом

УКМК: Жалал-Абадда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери алдамчылыкка шектелип кармалды

Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Базар-Коргон бөлүмүнүн адиси «А.А.Т.» жана Сейдукум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айыл башчысы «М.У.У.» жер тилкелерине байланышкан алдамчылык фактылары боюнча кармалышты. Бул тууралуу басма сөз кызматкери билдирди.

Тактап айтканда, кармалгандар жер тилкелерин каттоо үчүн жарандардан алдамчылык жолу менен акча каражаттарын алып, ошол эле учурда документтерди жасалмалоо менен менчик ээлерин алардын макулдугусуз менчик укугунан ажыратып, андан ары жер тилкелерин үчүнчү жактарга өткөрүшкөн. Мындан улам жабырлануучуларга бир топ зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча КР КЖК 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалган алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button