Коом

УКМК: Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциялык схема аныкталды

КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте электрондук аукциондорду өткөрүүдөгү коррупцияны жана ижарадан түшкөн кирешелерди аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коррупциялык схеманын бетин ачты.

УКМКнын басма сөз катчысынын маалыматына караганда, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинде Финансы жана контролдоо бөлүмү мамлекеттик мүлктү берүү боюнча электрондук аукциондордон жасалма протоколдорду колдонуу менен электрондук аукционго катышпаган жеке жактарга кепилдик төгүмдөрүн кайтарып берүү түрүндө ири суммадагы акча каражаттарын ижарага которуп,  кийин жооптуу кызматкерлер аталган каражатты материалдык баюу максатында өздөштүрүшкөн.

Аталган факты боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин Финансы жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси (эсепчи) 1996-жылы туулган С.А.Н. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына  камакка алынган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button