Коом

Көмүрдүн баасы 6600 сомдон ашпашы керек

Кыргызстанда 10-октябрдан тарта монополияга каршы орган көмүрдүн баасын бекитилди. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» ААКтын башкы директорунун орун басары Рустам Садыралиев радио эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте Кара-Кече кенинен алынган көмүр сатуучуга карабастан 6600 сомдон кымбат сатылбашы керек. Ал эми «Кыргыз көмүрдүн» кампаларында 5800 сом баа белгиленген.

Бишкекте учурда компания менен кызматташкан 15ке жакын кампа, ал эми Чүй облусунда 32ге жакын кампа иш алып барып жатканын билдирди.

«Кыргыз көмүрдүн» маалыматы боюнча, аймактарда бир тонна көмүрдүн эң жогорку баасы төмөнкүдөй белгиленген:

Чүй облусу: 6000 сомдон 7200 сомго чейин;

Ош облусу: 4500 сомдон 9000 сомго чейин;

Жалал-Абад облусу: 5000 сомдон 7500 сомго чейин;

Талас облусу: 6700 сомдон 7000 сомго чейин;

Баткен облусу: 7000 сомдон 10000 сомго чейин;

Нарын облусу: 3600 сомго жакын.

Тектеш кабарлар

Back to top button