Коом

Кара-Сууда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы «Абдыжабар» мечитинде мечит имамы Абдусами Бегмуратовдун демилгеси менен жардамга муктаж жарандарга 200 миң сомдук акчалай жана кийим-кече жардамын көрсөтүштү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Анын ичинде 140 миң сомдук акчалай жардам көрсөтүлсө, калган 60 миң сомдук кийим-кече жана көрпө-журкан жана башка керектүү буюмдар жеринде тапшырылды.

Ага «Абдыжабар» мечитинин жамааты демөөрчүлүк кылып, жүзөгө ашырылды.

«Кайрымдуулук жардамы чыныгы муктаж ээлерине жеринде тапшырылды. Демөөрчүлүк кылган «Абдыжабар» мечитибиздин жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдиремин. Кара-Суу районунда имамдардын демилгелери менен мындан ары кайрымдуулук иштерин улантабыз!-деди Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button