Коом
Кыргызстанда эртеңден тарта аптаптуу ысык башталат

Кыргызгидромет 25-28-июль аралыгында абдан ысык болорун эскертүүдө. Бул күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 35…40°ка чейин, Таласта 33…38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.



