ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды документсиз алып кирүүгө айып пул көбөйдү

Кыргызстанда Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтерсиз мамлекеттик чек ара аркылуу алып өтүүгө карата жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
МСКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2026-жылдын 6-августунда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, Укук бузуулар жөнүндө кодекске да өзгөртүүлөр киргизилген.
Эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын зарыл документтерсиз чек ара аркылуу алып өткөндөргө товардын наркына жараша жаңы өлчөмдөгү административдик айып пулдар салынат.
Өзгөртүүлөр 2026-жылдын 21-августунан тартып күчүнө кирет.
Товардын баасы 500 миң сомдон аз болсо:жеке жактарга — 500 эсептик көрсөткүч (50 миң сом);
юридикалык жактарга — 1000 эсептик көрсөткүч (100 миң сом).
Товардын баасы 500 миңден 1 млн сомго чейин болсо:
жеке жактарга — 1000 эсептик көрсөткүч (100 миң сом);
юридикалык жактарга — 2000 эсептик көрсөткүч (200 миң сом).
Товардын баасы 1 млн сом жана андан жогору болсо:
жеке жактарга — 2000 эсептик көрсөткүч (200 миң сом);
юридикалык жактарга — 3000 эсептик көрсөткүч (300 миң сом).
Эгер мыйзам бузуу бир жылдын ичинде кайрадан жасалса, айып пулдун өлчөмү көбөйөт.
Товардын баасы 500 миң сомдон аз болсо:
жеке жактарга — 700 эсептик көрсөткүч (70 миң сом);
юридикалык жактарга — 1300 эсептик көрсөткүч (130 миң сом).
Товардын баасы 500 миңден 1 млн сомго чейин болсо:
жеке жактарга — 1300 эсептик көрсөткүч (130 миң сом);
юридикалык жактарга — 2500 эсептик көрсөткүч (250 миң сом).
Товардын баасы 1 млн сом жана андан жогору болсо:
жеке жактарга — 2500 эсептик көрсөткүч (250 миң сом);
юридикалык жактарга — 3500 эсептик көрсөткүч (350 миң сом).
Мындан тышкары, укук бузуу бир жылдын ичинде кайра жасалган учурда укук бузуунун түздөн-түз предмети болгон товарлар конфискацияланат.
МСК салык төлөөчүлөрдү, жүк ташуучуларды жана транспорт каражаттарынын ээлерин товарларды жана транспорт каражаттарын чек ара аркылуу өткөрүүдө мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.
Өзгөчө зарыл болгон документтерди өз убагында жана туура тариздөөгө көңүл буруу керек.



