8,3 млн сомдук алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип жаткан адам кармалды. Бул тууралуу 22-октябрда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
21-октябрда милицияга борбор калаанын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 21- сентябрда Новопавловка айылындагы базарда цемент жана бензин алып келем деген жарандарга 8 млн 353 миң сомун берип, ошол бойдон алданып калган. Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталды.
Милиция кызматкерлери тарабынан 1994-жылы туулган А.Б. бул ишке шектелип кармалды. Тергөө учурунда анын ушул сыяктуу башка кылмышка тиешеси бар экени аныкталды. Анда келтирилген зыян 500 миң сомду түзгөн.
Милиция кызматкерлери сүрөттөгү шектүүдөн жабыркаган жарандарды кабар берүүгө чакырат. Байланыш номуру: 0779 043 407, 0503 005 581 жана «102» кызматы.



