Коом
25-октябрга карата аба ырайы

Эртең, 25-октябрда Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт, деп кабарлады Кыргызгидромет кызматы.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы аймактар боюнча мындай болот:
Чүй өрөөнү: +20…+25°C
Талас: +18…+23°C
Баткен, Ош, Жалал-Абад: +21…+26°C
Ысык-Көл: +14…+19°C
Нарын: +12…+17°C
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүзгү температура +21…+23°C чейин жетет.



