Коом

Бишкекте бир катар кошумча жол түйүндөрү курулат. Мэрия эскиздерин жарыялады

«Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү концепциясы» (3-фаза) долбоорунун алкагында Кытай грантынын эсебинен транспорттук түйүндөрдү, өтмөктөрдү жана башка объекттерди куруу каралууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошентип, планда:

— Л. Толстой-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдеги жол түйүнү курулат. Аталган түйүндүн курулушу Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү автотранспорт каражаттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет;

— Т. Айтматов жана Сүйүмбаев көчөлөрү аркылуу Л. Толстой көчөсүнө чыгуучу темир жол аркылуу өтүүчү жолдор;

— Л. Толстой көчөсү — Жаш Гвардия бульвары менен кесилишине Жаш Гвардия бульварынан Э.Матиев көчөсүнө чейин Ала-Арча дарыясына көпүрө салуу менен транспорттук түйүн куруу. Бул түйүндүн курулушу Жаш Гвардия бульвары менен Л.Толстой көчөсүн бойлой батыш багытында автотранспорттордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат;

— Анкара — 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдеги транспорттук-эстакадалык көпүрө куруу.

Белгиленгендей, учурда аталган объекттер жана техникалык документтер Кытай тараптын кароосунда турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button