Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» даражасы ыйгарылды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, Камчыбек Ташиевге бул наам мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн берилген.
«Ак Шумкар өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылды», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бул даража мамлекеттик ишмерлер Медетхан Шеримкуловго, Апас Жумагуловго, көзү өткөндөн кийин, кинорежиссер, сценарист Болотбек Шамшиевге, советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеевге да берилген.



