Коом

ИИМ: экс-депутаттын үйүндөгү тинтүү тууралуу тараган видео — актуалдуу эмес

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Интернет тармагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовдун үйүндө өткөрүлгөн тинтүү тууралуу видео тарады.

Ички иштер министрлиги бул видео актуалдуу эместигин жана тасмадагы көрүнүштөр 2025-жылдын июнь айында болгон тергөө иш-аракеттерине тиешелүү экендигин билдирет. Ал иш чаралар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

Азыркы учурда Ш. Атазовго карата эч кандай процессуалдык аракеттер жүргүзүлүп жаткан жок. Эски материалдардын таралышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, маалыматтын булагын жана дезинформациянын жайылыш себептерин аныктоо үчүн текшерүү жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button